Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылган эки Кыргыз жараны кармалды

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын ичинен этникалык негизде түзүлгөн уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду. Бул адамдар мекендештерин коркутуп-үркүтүү жана опузалап акча талап кылуу менен алектенип, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында жеке ишкерлик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдү жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Орусиянын милиция кызматкерлери опузалап акча талап кылуу менен алектенген адамдарды кармашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөлөрү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жарандар кармалды: “Мырза” каймана аты менен белгилүү Ош облусунда 1986-жылы туулган Т.уулу М. (фамилиясын үч жолу өзгөрткөн), “Роха” каймана аты менен белгилүү Чүй облусунда 1998-жылы туулган Х.Р..

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан кармалгандардын мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар экендигин тактоо, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргыз жарандарды +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрыла алышат. Купуялуулукка кепилдик берилет.