Москвада 22 жаштагы Кыргыз жигити поезддин алдына боюн таштады. Учурда ага операция жасалып жатат

Close up view of railroad, transport background

Орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 7-декабрда кыргызстандык жигит поезддин алдына боюн таштаганын жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен ал жаран тууралуу маалымат беришти.

«7-декабрда Москва шаарындагы метро станцияларынын биринде өзүн поезддин астына тыштаган Кыргыз Республикасынын жараны менен болгон окуянын себептерин жана жагдайларын элчилик тактап жатат. Учурда 1999-жылы туулган Кыргыз жаранына Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасалууда. Элчиликтин кызматкери ооруканага жөнөтүлдү. Кыргыз жаранына керектүү жардам көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.