Москвада 23 жаштагы Кыргыз кызы зордукталганын билдирди

Москвада 23 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталганын билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ал полицияга билдиргендей, кылмыш 16-августка караган түнү Орусиянын баш калаасынын түштүгүндө болгон. Анын айтымында, көчө шыпыргыч (болжол менен кыргызстандык) тапанчага окшош буюм менен коркутуп, кызды турак жайдын таштанды чыгаруучу бөлмөсүнө алып кирип, кордогон. Шектүү кармалып, кылмышын мойнуна алган.