Москвада 32 жаштагы кыргызстандыкты сабап кетишти. Кылмышка шектүү кармалды

Москвада кыргыз жаранын сабаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя Красносельский районунда болгон. Кыргызстандын 32 жаштагы жараны полиция кызматкерлерине кайрылып, аны ур-токмокко алышканын айткан. 21-июнда саат 05:00 чамасында Русаковская көчөсүндөгү бизнес борборлордун биринин жанында белгисиз адам чыр учурунда арыз ээсинин башына тепкилеп, натыйжада жабырлануучунун астыңкы жаагы сындырган. 

Кылмышка шектүү 45 жаштагы жаран кечээ, 19-июлда кармалган. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.