Москвада 36 жаштагы кыргызстандык келин топ балдар тарабынан зордукталып, көз жумду

Москвада 36 жаштагы кыргызстандык келин топ балдар тарабынан зордукталып, көз жумду. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Окуя Волгоградский проспектиндеги үйлөрдүн биринин кире беришинде болгон. Кызды алты адам зордуктаганын коңшулар Тез жардам кызматкерлерине билдиришкен. Алар аялды сабап да салышканын айтышкан. Жабырлануучу эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага «этанол менен уулануу» деген диагноз коюшкан. Мындан тышкары, кыздын мурду сынган. Анын мас абалында болгону да жазылган. Жабырлануучу 28-февралда жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Кылмышка шектүү эки адам кармалган, алар кыргыз улутундагылар. Экөө тең Москвада тааныштары менен жашап жүргөндүгү аныкталган.