Москвада 4 жашар кыргызстандык бала оор жаракаттар менен ооруканага түштү

Москвада кичинекей кыргызстандык экинчи кабаттын деңгээлиндеги бийиктиктен кулап кетип, оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Кырсыктын видеосун калаа прокуратурасы социалдык тармактарга жарыялаган.

Маалыматта Москванын прокуратурасы шаар түштүгүндөгү соода борборунда 4 жаштагы баланын кулап түшкөнү боюнча териштирүү иштерин баштаганы айтылат.

«Алдын ала маалыматка караганда, 3-мартта Кировоградская көчөсүндөгү соода борборунда 4 жаштагы уул бала өз алдынча сейилдеп жүрүп, өйдө бараткан эскалаторго сырткы тарабынан асылып алып, экинчи кабаттын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Андан соң кулап түшкөн», — деп билдиришкен прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Алардын айтымында, бала ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилген. Учурда ал баш сөөгү сынып, мээси жабыркап, көкүрөгүнөн алган жабык жаракаттар менен шаардык балдар ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Ошондой эле орус ЖМКлары баланын апасы 25 жаштагы кыргызстандык аял экенин жазып чыгышкан.