Москвада 800 миң рулга бааланган ат минген кыргыздын статуэткасы уурдалды

Москвадагы «Гостиный двор» көргөзмө борборунан 800 миң рублга бааланган «Кыргыз арканы менен» коло статуэкасын уурдап кетишти. Бул тууралуу Орусиянын Mash Telegram каналы билдирди.

22-ноябрда байыркы белектер галереясына 13 экспонат коюлганы айтылат. Жоголгонун 27-ноябрда кызматкерлер экспонаттарды алып кетүүгө келгенде аныкталган. «Кыргыз с арканом» эмгеги скульптор Евгений Лансеренин үлгүсү боюнча 19-кылымдын аягында Карл Бертонун куюучу заводунда жасалган.

Милиция шектүүнү издеп жатат.