Москвада банкты тоноого аракет кылган Кыргыз жараны кармалды

Москвада банкты тоноого аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 22-декабрда 29 жаштагы Кыргыз жараны Москва шаарындагы “Заубер банкка” тапанча менен бастырып кирип, акча талап кылган. Тапанчадан бир канча жолу ок чыгарган, бирок акча ала албай коюп, андан ары из жашырган.

Полиция кызматкерлери шектүүнү издеп таап, кармоо учурунда Кыргыз жараны каршылык көрсөткөнү маалымдалат. “Талап-тоноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.