Москвада болгон массалык мушташка катышкандарды сот 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу РБК билдтрди.
Маалымат боюнча, Кузьминский райондук соту Кузьминки метросунун жанындагы массалык мушташтын алты катышуучусун 15 суткага камакка алды. Алар Административдик кодекстин 20.2-беренесинин 6.1-бөлүгү боюнча жоопко тартылышты.
«Бардык алты материал тең экспертизадан өткөрүлүп, [жоопко тартылгандар] 15 күндүк мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү административдик жазага тартылды. Бизде буга чейин болгону алты гана материал болгон. Бул учурда, өлкөдөн чыгарылбастан административдик камакка алуу чарасы дайындалды», — деп билдиришти соттон.
Эске сала кетсек, 12-июлда Москванын түштүк-чыгышында Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Ага ар кандай божомолдор боюнча 180ден 200гө чейин адам катышкан. 103 адам полиция тарабынан кармалып, экөө ооруканага жаткырылган. Учурда жаңжалдын себептери иликтенип жатат.