Москвада кран басып калып, көз жумган жигиттин 23 жашта экени маалым болду. Сөөгүн жөнөтүү иштери жүрүп жатат

Буга чейин Москвада Кыргыз жаранын крандын мунарасы басып калып, көз жумганы маалым болгон. Окуя боюнча элчилик маалымат берип, сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдиришти.

Москвада кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган жараны каза болгон. Буга чейин анын 28 жашта экени айтылып жаткан болчу. Элчилик Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясына жарандын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдогон. Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда.