Москвада курьер болуп иштеген кыргыз жигитин бычактап кетүүгө таанышы шектелүүдө

Кечээ Москвада курьер болуп иштеген 19 жаштагы Кыргыз жаранын бычактап кетишип, ал ооруканадан каза болгону тууралуу маалыматтар тараган эле.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 15-декабрда түнү бычактап салуудан каза тапкан жигит менен анын таанышынын ортосунда уруш чыгып кеткен. Жаңжал учурунда экинчиси биринчисине бычак шилтеп жиберип, кийин из жашырып кеткен.

“Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда шектүү изделип жатат.