Москвада Кыргызстан менен Өзбекстандан барган мигранттар мушташты (видео)

Кечээ, 2-декабрда Москванын борборунда мушташкан 11 көчө тазалагычтарды полиция кармап кетти. Алардын баары Кыргызстан менен Өзбекстандан баргандар болуп чыкты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине укук коргоо органдарындагы булактары билдирген. 

«Коммуналдык чарба кызматкерлеринин кечээки мушташынан кийин 11 адам кармалды: жети Кыргызстандын жараны жана төрт Өзбекстандын жараны. Жаңжалдын жүрүшүндө үч адам жабыркады. Алар майда бейбаштык үчүн кармалып, протокол түзүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү башталды», — деп айтылат маалыматта. 

ТАСС кабарлагандай, кыргызстандык көчө тазалагычтар үйдүн короосунда карды тазалап жатышкан, ал эми өзбекстандыктар ошол учурда үйдүн чатырындагы карды тазалап жатышкан. Экинчи бригада чатырдан карды ыргытып, короонун тазаланган жерине ыргытышкан. Ошондон кийин уруш чыгып кеткен.