«Кичинекей кызды муунтуп баштаган». Москвада Кыргыз жараны кол салууга шектелүүдө

Эки апта мурун Орусияга барган кыргызстандык Москванын түштүк-чыгышындагы дүкөндө кичинекей кызга кол салып, аны муунта баштаган. Мигрант азыр Тергөөнүн борбордук башкармалыгында психикалык ооруканада жатат. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды. 

«Бул факты боюнча Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө органдары кылмыш ишин козгоду», — деп айтылат маалыматта.

Жашы жете элек кызды өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча иш козголду. Тергөөчүлөр видеокөзөмөл камераларынын кадрларын карап, окуянын күбөлөрүн суракка алып жатышат.