Москвада кыргызстандык кыздар массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу Орусиянын «Первый Русский» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, мушташ Хачатурян көчөсүндө чыккан. Полиция кызматкерлери урушту токтотуп, беш адамды полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Кыз-келиндер уруш кайым айтышуудан чыкканын, мушташка чейин жетип кеткенин айтышкан.