Москвада кыргызстандык кыздар массалык мушташ уюштурушту

Москвада кыргызстандык кыздар массалык мушташ уюштурушту. Бул тууралуу Орусиянын «Первый Русский» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мушташ Хачатурян көчөсүндө чыккан. Полиция кызматкерлери урушту токтотуп, беш адамды полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Кыз-келиндер уруш кайым айтышуудан чыкканын, мушташка чейин жетип кеткенин айтышкан.