Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду. Шектүү кармалды

Москвада кыргызстандык өлтүрүлгөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, киши колдуу болгон кыргызстандык 1972-жылы туулган жана таксист болуп иштеген.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү адам аныкталып, кармалган. Бул факты боюнча Москва шаарынын Кунцевский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.