Москвада кыргызстандык таксистке ок атылышы. Жабырлануучунун 23 жаштагы жигит экени маалым болду

Москванын 2-Бресткая көчөсүндө жаранга травматикалык тапанчадан ок атылган окуя боюнча элчилик Москванын полициясы менен өз ара аракеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргызтандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу 1998-жылы туулган жигит Кыргызстандын жараны ооруканага жаткырылган. «Бул факты боюнча Орусиянын Москва шаарынын Тверь району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө, шектүү адам кармалды. Бул маселени элчилик өз көзөмөлүнө алып, Кыргыз жаранына зарыл болгон консулдук жардам көрсөтөт«, — деп айтылат маалыматта.

Мындан 3 күн мурда Москвада Кадиллак үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кыргызстандык таксистке ок чыгарганы маалым болгон. Шектүүнүн окуя болгон жерден качып кеткени айтылган. Кийинчерээк кармалганы айтылып, анын буга чейин 2 жолу сот жообуна тартылганы маалым болгон.