Москвада кыргызстандык таксистке кол көтөргөн жаран өз версиясын айтып берди

Москвада кыргызстандык таксист сабалган. Полиция арызды кабыл албай койгон. Кыргызстандык алардан унаада сыра ичпөөнү суранган. Буга жүргүнчү ачууланып, кол көтөргөн. «Кыргызстандан келген айдоочу мыйзамдуу, жүрөт, жашоого уруксаты бар. Ал ооруканада кашын тиктирип, полицияга кайрылган, бирок алар андан токмок жегени тууралуу арыз алышкан эмес», — деп жазган блогер Рустем Адагамов.

Тышкы иштер министрлиги окуя 18-июлда болгонун билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине элчилигинен расмий нота жөнөтүлгөнүн, маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүнө алынганын билдиришкен. 

Кыргызстандыкка кол көтөргөн жаран — Екатеринбург шаарынын тургуну, Trubmann түтүк изолятор заводунун негиздөөчүсү Игорь Майсурадзе болуп чыкты. Ал ошол күнү аялы, кызы жана кичинекей баласы менен Москваны кыдырып жүргөнүн айтты. Сейилдөө учурунда үй-бүлө баштыгын мейманкананын бөлмөсүнө таштап кеткенин эстеп, такси чакырып, мейманканага кайтып барышкан.

Майсурадзе балдар үчүн атайын отургучу бар такси чакырган. Орус ишкери жабырлануучунун өзүн алып жүргөнү жакпаганын билдирген. «Таксист келди, биз коляска менен жүргөнбүз. Мен багажникти ачууну сурандым, ал мага ачык экенин айтты. Мага жардам берген жок. Ал эми багажник жабык экен»,- деди ал. 

Унаага отуруп үй-бүлө мейманканага барышкан. Ошол жерден Майсурадзе унутуп калган баштыкты алып, бөлмөдө турган сыраны көтөрүп алган. Кайра таксиге отуруп, сыраны ичейин дегенде айдоочу ага уруксат берген эмес. Анын айтымында, ал бөтөлкөнү аялына берген, бирок айдоочу дагы эле андан ары айдоодон баш тарткан.

«Менин жиним келди. Жалгыз болсом, эшикти тарс жаап чыгып кетмекмин. Артымда бүтүндөй үй-бүлөм турганда, мен ушундай абалда болдум. Анан унаадан чыктым, мага калемпир баллонун чачып, көзүм күйүп калды. Кача баштадым, ошондо да мени сөктү»,- деген ал.