Москвада кыргызстандыктар катышкан массалык мушташ болгону маалымдалды

Москванын түштүк-чыгышындагы кафелердин биринде 15 адамдын катышуусунда массалык мушташ болгонун Мослента билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 19-февралга караган түнү Люблинская көчөсүндө жайгашкан мекемелердин биринде болгон. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кафеде Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарынын ортосунда оозеки кайым айтышуу болуп, ал массалык мушташка чейин жеткенин аныкташкан.

Мушташ көчөдө уланган. Полиция 15 кишини кармады.