Москвада Кыргыз жана Тажик жарандары камакка алынды. Алар террорчулукка айыпталууда

Москвада террорчул уюмдун эки лидерин жана эл аралык «Хизб ут-Тахрир» уюмунун катардагы беш мүчөсү камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, камакка алынгандардын арасында Орусия, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары бар. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Полиция кызматкерлери тарабынан алар жашаган жерге тинтүү жүргүзүлүп, байланыш жабдуулары, флешкалар, үгүт материалдары жана тергөө үчүн маанилүү болгон материалдар алынган. Кармалгандарга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «террористтик уюмдун ишин уюштуруу жана мындай уюмдун ишине катышуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Алар 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.