Москвада кыздарды зордуктап, видеого тарткан делген Кыргыз жарандарынын иши сотко өттү

Москва шаары боюнча тергөө комитети 2 Кыргыз жаранына карата тергөө иштерин аяктап, иштин материалдарын сотко жөнөттү. Аларга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүмү (топ болуп зордуктоо) боюнча айып тагылууда.

Кылмыш 9-июлга караган түнү Орусиянын борборунда болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүүлөр мас абалында Мир проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде уктап жаткан тааныш эки кызды зордуктап кетишкен. Ошол эле учурда алардын бири кылмышты уюлдук телефондун камерасына тартып алган. Телефон шектүүлөрдүн жашаган жеринен табылган.