Москвада массалык мушташ уюштурган мигранттарга айып пул салынып, Орусиядан депортацияланат

Москвада Кыргызстан менен Тажикстандан келген мигранттар ортосунда болгон массалык мушташтын катышуучулары айып пул төлөп, Орусиядан депортацияланат. Бул тууралуу Москванын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Чыр-чатакка катышкан 103 адам ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирилди. Соттун чечими менен чет өлкөлүк жарандар административдик айып пул салуу менен Орусия Федерациясынын аймагынан чыгарылат жана бир катар адамдарга карата Орусияга кирүүгө уруксат берилбей калат”, — деп жазылат билдирүүдө. Кармалгандарга Орусияга кирүү эрежелерин, өлкөдө болуу режимин жана майда бейбаштыкты бузгандыгы үчүн административдик протоколдор түзүлдү. Учурда тергөө алдындагы текшерүү иштери жүрүп жатат.