Москвада 200дөй мигрант мушташа кетти. Алардын арасында Кыргыз жарандары бар экени айтылууда

Москвада «Кузьминки» метро станциясынын жанында мигранттардын арасында массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты. Маалыматка караганда, мушташ жергиликтүү театрдын алдындагы аянтта болгон. «Алар унааларды талкалап, өтө эле агрессивдүү болушту», — деп жазат басылма.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, мушташтын катышуучулары — Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттар. Бир нече адам оор жаракат алып, аларды Тез жардам унаасы менен окуя болгон жерден алып кетүүгө аргасыз болушкан. Полиция окуянын бир катар катышуучуларын кармап, алар полиция бөлүмүнө жеткирилген. Айрым ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, аянтка болжол менен 180-200 адам чогулган. Полиция тарабынан 94 адам кармалган, алардын ичинен экөө ооруканага жеткирилген.

Бул маалыматты тактоо үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен байланышты. Маалыматка караганда, учурда ИИМ иш алып барып, маалыматты тактап жатышат.