Москвада мигранттар дагы мушташышып, үчөө бычактан оор жаракат алды

Москвада Жаңы жыл түнү мигранттар дагы мушташышып, үчөө оор жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары топ-топ болуп мушташа кетишкен. Жаңжалдын чыгышына жеке кастык себеп болгону айтылууда. Мушташка үч Өзбек жараны, он Кыргыз жараны катышып, мушташтан улам үчөө бычактан оор жаракат алган. Полиция кызматы тарабынан мушташтын 9 катышуучусу кармалып, анын баары Кыргыз жарандары экендиги аныкталды.

Өткөн жылдын июнь айынан ноябрга чейин Орусияда мигранттардын катышуусунда 11 массалык мушташ катталган.