Москвада ММА турниринен кийин кыргыздар менен өзбектердин ортосунда мушташ болду (видео)

Москвада ММА турниринен кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын спортчуларынын ортосунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу championat.com сайты билдирди.

Маалыматка караганда, окуя дем алыш күндөрү болгон. ЖМКлар билдиргендей, беттеште кыргызстандык спортчу Санжар Курбанов жеңишке жеткен. Андан алгач спортчулардын өкүлдөрүнүн ортосунда оозеки айтышуу болуп, андан соң мушташ орун алган. Бир саамдан кийин рингде көрүүчүлөр пайда болуп, алар да мушташка катышкан. Уюштуруучулар мушташты токтотуп, катышуучуларды тынчтандырып, сакчылар менен полиция кызматкерлери октагонго чыгышкан. Акырында рингге чыкканардын баары ордуларына кайтышканы маалымдалат.