Москвада шаардын чок ортосунда мушташкан кыргызстандыктар кармалды

Москвада шаардын чок ортосунда спарринг-мушташтарын уюштурган 12 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты. 

Полицияга Тверская көчөсүнүн короосунда көп жарандардын топтолуп жаткандагы тууралуу маалымат келип түшкөн. Келген кызматкерлер Кыргызстандын 12 жараны бокс боюнча беттеш өткөргөнүн аныкташты. Аларды кармашып, милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал жерден документтери текшерилип, түшүнүк кат жазышкан. Текшерүү иштери жүрүп жатат.