Москвада унаанын ичинен кыргызстандык таксисттин жансыз денеси табылды

Орусияда кыргызстандык таксист көз жумду. Маалыматты Эмгек министрлиги тастыктап, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү каза болгон кыргызстандык таксисттин сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

«Кечээ, 10-январда Москва шаарында унаада кыргызстандыктын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери маркумдун жакындарына сөөктү алуу үчүн керектүү документтерди даярдоого жана мекенине жөнөтүүгө даярдоого көмөк көрсөтүштү. Жансыз дене болжолдуу 12-январда мекенине жөнөтүлөт. Ал эми 1987-жылы туулган жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык эскпертиза дайындалган. Маркумдун жакындарына 70 миң рубль өлчөмүндө сөөктү алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөм берилет», — деп айтылат маалыматта.