Москвада ымыркайын көп кабаттуу үйлөрдүн алдына таштап салган кыргыз келин сот жообуна тартылат

Жаңы төрөлгөн баласын коркунучта калтырган 26 жаштагы Кыргыз жаранына козголгон кылмыш ишинин алкагында айыптоо корутундусу бекитилди.

Москванын прокуратурасы 22-ноябрда билдиргендей, 13-августта кыргызстандык келин уул төрөгөн. Аны күйөөсүнөн жашырып, ымыркайды полиэтилен баштыкка ороп, Ярославское шоссесин көздөй барып, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосундагы балдар аянтчасындагы отургучка таштап кетип калган. Жаңы төрөлгөн ымыркайды үйдүн жашоочулары таап, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Келин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген, ал жакында сот алдында ишине жооп берет.