Москвадагы массалык мушташ. Элчиликтин кызматкерлери кармалган жарандар менен жолукту

Москва шаарынын «Кузьминки» метросунун станциясында болуп өткөн окуя боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кошумча маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын кармалган жарандары менен жолугушуу болгон. Анын жүрүшүндө жарандарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

«Ошол эле мезгилде Орусиянын ИИМнинин жана ТИМдин өкүлдөрү менен аталган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилейбиз. Ошондой эле элчилик тарабынан Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарына тийиштүү суроо-талаптар жиберилди. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат»,- деп айтылат маалыматта.