Москвадагы теракт. Кыргызстанда төрөлгөн шектүүнүн апасы уулунун күнөөсү жок экенин айтты

Бүгүн Москванын Басман соту тарабынан камакка алынган теракт иши боюнча сегизинчи айыпталуучу Алишер Касимовдун апасы уулу террорчу эмес экенин жана трагедияга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Бул ишке жакындары — апасы, агасы колдоо көрсөтүү үчүн сотко келген биринчи адам. Касимовдун апасы уулун залга алып киргенде ыйлап жиберген. «Анын күнөөсү жок, эч нерсе билбейт, батирди ижарага берип жүргөн экен. Үч баласы бар, ар дайым баарына жардам берип жүрчү, мен дайыма айтчумун ижарага орустарга бер деп. Ал эч кандай жамандык кылгысы келген эмес, ал ыймандуу, жакшы адам. Ал террорист эмес, жардам бергиле», — деди аял журналисттерге.