Москванын чок ортосунда Кыргыз жаранына ок атылды. Ал жандандыруу бөлүмүндө

Москвада уруш учурунда Кыргыз жаранына ок атылды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 27-сентябрда болгон. 26 жаштагы жабырлануучу Ольховская көчөсүндөгү тротуарда табылган. Жаракат алгандан тышкары мээнин травмалык шишигин алган жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. «Белгисиз жаран Кыргыз жараны менен уруша кетип, тапанчасын алып чыгып, атып салган. Кылмышкер окуя болгон жерден из жашырган», — деп айтылат маалыматта.