Мотуевдин үстүнөн арыз жазган кыз: «Арыз жазууга аялы үгүттөп, күйөөм унаасын сатат, акчасын тең бөлүп алабыз деген»

7-февралда Бишкектин Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата арыз түшкөнүн билдиришкен. Маалыматка караганда, кыз өз арызында өткөн жылдын август айында ал үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталган болчу. Өзүн жабырлануучу катары тааныштырган Эсфирь Касымова дал ошол окуя боюнча редакцияга кайрылып, айтып бере турганы бар экенин билдирди.

Анын айтымында, Мотуев аны менен байланышып, «биринчи аял кылам» деген. «Мага жазганын аялы көрдү. Мага өзүнүн өчү бар экенин айтты. Аялы үйгө келди. Анын келгенин баары көрдү. Кызы чарчап калганын айтты. Кызынын күйүтү үчүн деп, өзүм макул болуп арыз жаздым. Арыз жазсаң, унаасын сатат, акчасын бөлүп алабыз деп, арыз жазууга эрчитип барды. Жаздым»,- деди ал.