Мотуевдин үстүнөн зордуктоо боюнча арыз түштү. Милиция текшерүүдө

3-январь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуевге карата чара көрүү суранычы менен жаран кайрылган. Кыз өз арызында өткөн жылдын август айында ал үйүнө алдап алып келип, жыныстык катнашка барганын билдирген. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Жогорудагы факты каттоого алынып, экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери башталды.