Муниципалдык кызматкер коомдук жайда заара ушатканы үчүн үч суткага камалды

«Муниципалдык унаа токтоочу жай жана базарлар» муниципалдык ишканасынын кызматкери административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ленин РИИБден билдиришти. 

Буга чейин жумушчунун заара ушатып жатканы тартылган видео тараган. Милиция аталган жаранга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча иш козголгонун билдирди. Ленин райондук соту аны үч суткага камакка алган.

Укук коргоо органдары мындай аракеттер жоопкерчиликке алып келерин эскертти.