«Муниципалдык жерге коммерциялык объекттерди курган». УКМК Бишкек шаарынын мэриясындагы чиновникти кармады

Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз тургузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, муниципалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан аянты 0,0921 га (9,2 сотых) муниципалдык жерге жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында Кыргыз жараны Д.М.А. ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, 2017-жылы жеңилдетилген типтеги коммерциялык объекттерди (тез тамактануучу жайлар, дүкөндөр ж.б.) тийиштүү ижара келишими жок жана уруксат берүүчү документтери жок туруп, муниципалдык тилкеге ижарага берүү үчүн мыйзамсыз кургандыгы такталган.

Ошол эле учурда мыйзамсыз соода объектилерин жашырып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары системалуу негизде акчалай сый акы алышкан. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары аталган коммерциялык объекттердин курулушу аяктап, иштегенден 6 жыл өткөн соң, иштөөсүнө жарым-жартылай мыйзамдуулук берүү максатында «соода-сервистик, оюн-зоок комплексине жана мейманкана номерлери бар кафеге көрктөндүрүү үчүн» функционалдык багыты менен 2023-жылдын июлунда Курулуш жана өз алдынча бирдикке бөлүү укугусуз бир жылга ижара келишимин түзүшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, аталган соода жайынын ээси жана анын бизнес өнөктөштөрү кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.