Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү

Борбор калаанын Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланын жансыз денеси бүгүн, 17-мартта үйүнөн табылган. Ата-энелери үйдө жок болгон. «Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек милициясынын жетекчилиги кетти. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө, тергөө иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет«, — дешти басма сөз кызматынан.