Мурас-Ордо конушунда муз тээп ойноп жүргөн 2 бала сууга чөгүп каза тапты

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

3  бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Алдын ала маалымат боюнча 2013-жылы туулган А.У. аттуу кыз жана 2015-жылы туулган А.Н. аттуу эркек бала каза болгон. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.