Мурас-Ордо конушунда сууга чөккөн бир туугандар. Ата-энесинин эч кимге доосу жок

Кечээ, 2-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. 3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «2-март күнү милицияга Озерное айылында жайгашкан көлмөгө эки өспүрүм чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде барган Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу төмөндөгүлөрдү аныктаган.

2-март күнү саат 12:30 чамасында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушундагы көлмөгө жашы жете элек балдар көлмөгө муз тепкени барышып, ойноп жаткан учурда муз жарылып, анын кесепетинен 2015-жылы туулган А.Н. сууга чөгүп, аны куткарам деп 2013-жылы туулган А.У. аттуу эжеси кошо чөгүп кеткен. Азыркы учурда каза болгон өспүрүмдөрдүн ата-энеси такталып, окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин билдиришип, балдардын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү ишитери жүргүзүлүүдө. Тийиштүү тергөө амалдарынан соң чечим кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.