Мурас-Ордо конушундагы баланын өлүмүнө шектелип, агасы кармалды. Аны ит издеп тапкан (сүрөт)

«Мурас-Ордо» жаңы конушунда 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары анын агасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан Сереп Медиа маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-март күнү саат 12:40 чамасында Бишкек ШИИБине чалуу болуп, анда «Мурас-Ордо» конушундагы үйлөрдүн биринен 13 жаштагы баланын мойнуна бычак жеген жансыз денеси табылганын билдиришкен. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек ШИИБинин жана ИИМ жетекчилиги жөнөп кеткен. Окуя болгон жерге барганда, киши колдуу болгон бала эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Буга байланыштуу аны үйдө жалгыз калтырышчу эмес. 17-мартта эртең менен ата-энеси жумушка кетип, бала 17 жаштагы агасы менен калган.

Бул факты Биринчи Май РИИБнин каттоосунан өтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган жана зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кылмыш болгон жерди кароо учурунда жаздык, кызыл күрөң тактары бар жууркан, ашкана бычактары, аялдын капчыгы, спорттук шым, кызыл-күрөң тактары бар беш тампон жана манжа издеринин бөлүктөрү алынган.

Күбөлөрдүн айтымында, баланын денесин саат 11:00 чамасында жумуштан кайтып келген апасы таап, милиция кызматкерлерин чакырган. Бул учурда улуу баласы үйдө жок болгон. Шектүүнү табуу үчүн милиция кызматкерлери кызматтык итти колдонушкан. Жыйынтыгында каза болгон баланын агасы качып бараткан жеринен кармалган. Көрсөтмө учурунда ал иниси менен уруша кетип, аны бычак менен сайып жибергенин мойнуна алган. Бала эсине келбей көз жумган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.