Мурас-Ордодо 13 жаштагы баланын өлтүрүлүшү. Сот бир тууганына өкүм чыгарды

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бир тууганынын өлүмүнө айыпталуучу үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин «аффект абалында киши өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. «Жаран эркинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотулду. Ага үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды», — деп айтылат маалыматта. 

17-мартта Мурас-Ордо конушунун тургуну үйүнө барып, 13 жаштагы уулунун жансыз денесин тапкан. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталган. Көз жумган бала талма оорусу менен жабыркагандыктан дайыма көзөмөлгө муктаж болгон. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы карап калган. Ата-энеси кайтып келгенде кичүүсү каза болуп, тун уулу үйдө жок болгон. Кийинчерээк ал качып кеткени аныкталган. Өспүрүм камыштардын арасынан табылып, сурак учурунда иниси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бычак шилтегенин айткан. Шектүү 18-мартта Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1 мекемесине камалган.