Мурас-Ордодо мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм. Шектүү делген маркумдун агасы 2 айга камакка алынды

Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүмдүн иши боюнча шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи кабарлады.

Маалым болгондой, өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү делген анын 16 жаштагы бир тууган агасы эки айга СИЗО-1ге камалган.

Мурас-Ордо жаңы конушунда 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү катары анын агасы кармалган. Маалыматка караганда, 17-март күнү саат 12:40 чамасында Бишкек ШИИБине чалуу болуп, анда Мурас-Ордо конушундагы үйлөрдүн биринен 13 жаштагы баланын мойнуна бычак жеген жансыз денеси табылганын билдиришкен. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек ШИИБинин жана ИИМ жетекчилиги жөнөп кеткен. Окуя болгон жерге барганда, киши колдуу болгон бала эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Буга байланыштуу аны үйдө жалгыз калтырышчу эмес. 17-мартта эртең менен ата-энеси жумушка кетип, бала 17 жаштагы агасы менен калган. Бул факты Биринчи Май РИИБнин каттоосунан өтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган жана зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.