Мурас-Ордодогу келин: «Жалгыз уулум көлмөгө чөгүп кеткенден бери сууну жек көрүп жашайм»

SUPERTV’га Аламүдүн районунун Мурас-Ордо жаңы конушундагы бир катар тургун балдарынын ошол аймактагы көлмөгө чөгүп, каза болгонун айтып кайрылышты. Алардын бири баласынын муз тээп жүргөн жеринен муз жарылып чөккөнүн айтса, дагы бири “балам балык кармайм деп чөгүп кетти” дейт. Ал эми бир убакта эки баласынан ажыраган ата “уулум кызымды куткарам деп, экөөнүн тең өмүрүн ушул көлмө алды” дейт. “Улам бир бала чөгүп жатат. Бизге балык эмес, бала керек” деген Мурас-Ордонун жашоочулары көлмөнүн жабылышын талап кылышат.

Саадат Темирбекова мындан 2 жыл мурда уулун көлмөгө алдыртып жиберген. «2022-жылдын 18-апрелинде уулум ушул көлмөгө чөгүп кеткен. Балдар менен ойноп келген экен. 2-3 күн алдын уулум майда балык алып келип жүргөн. Биз «кой балам, барба дегенбиз». Ошол күнү кичинекей балдар менен барган экен. Мен ал окуядан кийин микроинсульт болдум. Мага болгон окуяны айтышпайт. Уулум 2-класс болчу. Жалгыз уулум болчу. Мен бул үйдө жашагым келбей, ооруканада жата берейин дегем. Үйдү атам менен кичинекей болсо да уулум кыш кармашып, жардам берип салышкан. Туугандар «балаңды колу тийген үйдө дуба кылып» жаша дешти. Эптеп жашайм, сууну жек көрүп жашап калгам», — дейт ыйлаган келин.