«Муравей» мотороллеринин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал комага түштү

2-март күнү саат 20:40 чамасында Асаналиев көчөсүндө «Муравей» мотороллеринин айдоочусу 1986-жылы туулган М.М.С. аттуу жаран 1978-жылы туулган О.М. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында айдоочу аныкталып, кийинки күнү МККБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Текшерүү учурунда айдоочу жол кырсыгын жасаган учурда алкоголдук мас абалында болгону аныкталды. Ал эми жөө жүргүнчү О.М. алган оор жаракаттарынан улам учурда кома абалында жатат. Айдоочу мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.
МККБ бардык айдоочуларга кайрылат: жол кырсыгы болгон учурда окуя болгон жерден качып кетүүгө мыйзам боюнча тыюу салынат. Ар бир айдоочу токтоп, тиешелүү кызматтарды чакырып, жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.