«Мурда 97,5 миң доллар алып, дагы 35 миң доллар талап кылган». Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин жүрүшүндө сот системасындагы маселени оң жагына чечип берүү үчүн Кыргыз жарандарынан акча каражатын талап кылуу фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору жарандан жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң доллар талап кылганы аныкталган. Ал буга чейин маселени чечүү үчүн 97,5 миң доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын алган. Ошол эле учурда мурда берилген акча каражаттарын алган соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң доллар талап кылган.

21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.