Ош шаарында коомдук транспорттордо тоноочулукка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, кармалгандар кичи автобустарда жана базарларда жергиликтүү тургундарды тоноп, алардын акчасын жана уюлдук телефондорун алып кетишкен. Эки шектүү тең мурда чөнтөк уурулук үчүн соттолгон. Ош шаардык соту ал адамдарды тергөө абагына бир айга камады.