Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

Кыргызстандын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3- пункту (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган.

Келтирилген зыян алдын ала 500 миллион сомго бааланууда. Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.