Мурдагы айыл өкмөт башчысы да бар. Ысык-Көлдө он күндө 28 мас айдоочу аныкталды

Ысык-Көлдө он күндүн ичинде унаа башкарган 28 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Жол тескөөчүлөр тарабынан акыркы он күндүн аралыгында 1226 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 28 айдоочу мас абалында унааларын башкарып жаткан жеринен токтотулду. Айып пул төлөнүүчү жайга 45 унаа киргизилген.

29-январь күнү Каракол шаарынан 52 жаштагы жарандын башкаруусундагы Мерседес үлгүсүндөгү унаа токтотулганда, айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты сезилип турган. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөндө айдочу мас абалында экендиги аныкталган. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп, өзүн Ак-Суу районунун айыл аймактарынын биринин башчысы катары тааныштырып, күбөлүгүн көрсөткөн. Кийин айдоочу райондун социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси экендиги тастыкталган. Айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин (Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынды. Унаа айып пул төлөнүүчү жайга токтотулду.

30-январь күнү түнкү саат 01:10 чамасында Жети-Өгүз РИИБге Тез жардам станциясынан билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу жана Оргочор айылдарынын ортосунда жол кырсыгы орун алгандыгы маалымдалган. Окуя болгон жерге  райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жиберилген. Алдын ала териштирүү боюнча, Жети-Өгүз РЭСтин Фольксваген-Гольф 3 үлгүсүндөгү кызматтык унаасын 34 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, карама-каршы келе жаткан Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, жол кырсыгына учураган. Жол кырсыктан улам, кызматтык автоунаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Медициналык күбөлөндүрүү көрсөткөндөй, кызматтык унаанын айдоочусу жол кырсыгы учурунда мас абалында болгону аныкталган. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн райондук милицинын тергөө кызматына өткөрүп берилди.