«Мурдагы бетимди кайрыгым келет». Бишкекте операциядан жабыркаган келин акыйкаттык издейт

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылып, Бишкектеги косметологиялык клиниканын кызматынан жапа чеккенин айтты.

«Мен ушул жылдын февраль айында Бишкектеги косметологиялык клиникага илептеримди жасатканы баргам. Анан бетимди тарттыргым келип жүргөн. Илептеримди чоңойткон соң, ал жерде иштеген кыздан кеңеш алдым. Ал кыз бетиңизди кесип, тарттырабыз деп айткан эмес. Мен ийне сайып эле тартып коет деп ойлогом. Кыз мага алдын ала эскерткен эмес. Анан эле кесип таштады. Үйгө келгенде оорудум. Жолдошум ооруканага бар деди. Мен уялып барган жокмун. 3 күн үйдө жаттым. Айыгып кетеби десем, тиккен жери ажырап кетти. Анан кызга чалсам ал кача баштады, шаарда эмес экенин айтып, окуучум тигип берет деди. Ал тикти. Эми ириңдеп жатат. Мен ошонун айынан жумушумдан кетүүгө туура келди. Бул бетим менен жумушка алгандан да коркушат. Көчөгө чыксам баары менин бетимди карайт. Мен кайра мурдагы бетимди кайрыгым келет. Ал клиникага барсам жабылып калыптыр. Милицияга арыз жазганы барсам мени мазакташты. «Анан эмне «Ош базары» жакка да жасатасыңбы?» дешти. «Бул иш каралабы же жокпу билбейбиз» деген өңүттө сөздөр айтылды. Милициянын акыйкаттуу карап береринен күмөнүм бар», — дейт ал.

Редакция Ленин РИИБге кайрылганыбызда, маалымат такталарын айтышты.