Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев камактан бошотулду

Кечээ, 2-февралда депутаттык мандатын тапшырган Эмил Жамгырчиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

УКМКнын маалыматы боюнча, 26-декабрда башкы прокурор тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, криминалдык авторитет — Өзбек жараны Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

2022-жылдын декабрь айында Ташкентке мыйзамсыз чыгып кеткен. Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, башкы прокурор аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген. Ошол эле учурда, 9-январда Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качып, терезеден секирип кеткен. 10-январда өлкөнүн парламенти аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ал тергөөгө барыа, камакка алынган. Кечээ, 2-февралда мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.