Мурдагы депутат ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Курулуш компаниянын мурдагы негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына курулуш компаниянын мурдагы ээси жана башкы директоруна карата чара көрүү өтүнүчү менен жарандар кайрылган, ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1991-жылы туулган Эмилбек Жусупов кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Жусупов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, быйыл мандатын тапшырып берген.